# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 167-27 "Балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 167-27 "Балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 167-27
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77548/edition/1072222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 167-27 "Балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндө" токтому (27.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700080

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2020-жылдын 27-майы № 167-27 Балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө даярдануу жана өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле COVID-19 коронавирусунун шартындагы карантинге байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. “Ачык Келечек” МИге (Г.А.Мамасадыкова) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар үчүн анча чоң эмес топтор менен майрамдык иш-чараларды (оюндарды, конкурстарды, белектерди) уюштурууга уруксат берилсин.

2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы (Н.А.Кольбаев) “Ачык Келечек” МИге Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чараларды уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражатынан 100,0 (Жүз) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Филимоненко
