# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 168-27 "Акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 168-27 "Акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 168-27
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77546/edition/1072070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 168-27 "Акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (27.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700078

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2020-жылдын 27-майы № 168-27 Акча каражатын бөлүү жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин жабдуулардын эскилиги жеткендиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө эки мектепке (№ 1, № 2 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектептерине) химия, физика жана биология сабактарынын санарип лабораторияларын, аралыктан окутуу үчүн интерактивдүү панелдерди сатып алуу жана орнотуу үчүн, ошондой эле ноутбуктарды жана компьютерлерди сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4,0 (Төрт) миллион сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Филимоненко
