# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 113-27 "1352-1354 контурдагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшүн кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 113-27 "1352-1354 контурдагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшүн кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113-27
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700075>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77543/edition/1100167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700075.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 113-27 "1352-1354 контурдагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшүн кабыл алуу жөнүндө" токтому (18.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700075

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-апрели № 113-27 1352-1354 контурдагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшүн кабыл алуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө” токтомуна ылайык, Ленин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 93 “Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүнү макулдашуу жөнүндө” токтомунун, ошондой эле Дж.А.Биялинованын арызынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшү Аламүдүн айыл аймагынын административдик чек арасына кабыл алууга уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Филимоненко
