Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда тартууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2020-жылдын 30-июну № 156 Республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57–беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2020–жылдын 8-июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2020–жылдын 21-майындагы № 08-1-2/470 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына республикалык бюджеттен 744 000 000 (жети жүз кырк төрт миллион) сом суммада бюджеттик ссуда тартууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- ушул токтомдун 1 – пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу багытоо боюнча - Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек жана өргүү акы төлөөгө багыттасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен келишим түзүү боюнча тийиштүү жол - жоболорду жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акыларын төлөөгө чыгымдарды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттен каржылоого этап-этабы менен которуу боюнча жумушчу топ түзүп, которуу мөөнөттөрүн белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Ж.Б. Абиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 08.06.2020 · № 60