Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2020-жылдын 2-декабры № 166 Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) төмөнкү мазмундагы 12-1- пункт менен толукталсын:
“Биринчи сессияда сессиянын күн тартибин кароого чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ант берүүсү болот”. Шайланган депутат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине оң колун коюп, Бишкек шаардык кеңешинин алдында мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү мазмундагы ант берет: “Мен, _______________________________ , Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка укуктук ченемдик актыларын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин сактоого, депутаттын милдеттерин Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын жарандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызыкчылыгына аткарууга ант беремин.” Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет. Бишкек шаардык кеңешинин бардык жаңы келген депутаттары сессияда ант беришет.”;
2) 204-пункттун 3-абзацындагы “ыйгарым укуктуу орган“ деген сөздөр “борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;”;
3) 204-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“шаардын киреше жана чыгаша бөлүгүнө таасир этүүчү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынан корутунду; ишкерликтин субъекттеринин ишин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча ишкерликти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген учурларда башка мамлекеттик органдардын корутундусу”;
4) 16-1 главаданы төмөнкү мазмундагы 16-2 глава менен толукталсын: “16-2 глава. “Бишкек шаарынын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү”;
5) төмөнкү мазмундагы пункттар менен толукталсын:
“239-2. Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна дайындоого макулдук берүү үчүн конкурс өткөндөн кийин (сынактык тандоо болгон учурда) Бишкек шаарынын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого талапкерлигин киргизет. 239-3. Ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүү жүргүзүлөт. Кызмат орунга дайындоого макулдук берүү жөнүндө чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана Бишкек шаардык кеңешинин буйругу менен жол-жоболоштурулат.”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Ж.Б. Абиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
- Бишкек шаардык кеңештин Регламенти (Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтомуна тиркеме)Регламент · 28.12.2012 · № 2
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2012 · № 2
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон