# Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 161 "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 161 "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77528/edition/1070393/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 161 "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (02.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700059

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2020-жылдын 2-декабры № 161 Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Афганистанда жана Баткен окуяларында курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнүн, Чернобыль АЭС авариясын жоюуга катышкандардын жесирлеринин жана Бишкек шаарынын жарды жашоочуларынын материалдык абалын жакшыртуу максатында Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө” жободогу: 14-пункттун “б” пунктчасындагы “1500” саны “3000” санына алмаштырылсын; 16-пункттагы: биринчи абзацтагы “үй-бүлөгө 1,5 тонна отундун ченеминин нарк эсебинен 2018-2019-жылдагы жылуулук берүү мезгил убагынан тартып” деген сөздөр “2020-2021-жылдагы жылуулук берүү убагынан тартып үй-бүлөгө 5000 сом өлчөмүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын; “д” пунктчасынын 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “д) жалгыз жашаган пенсионерлер, ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар, бирөөнүн кароосуна муктаждар жана пенсионерлерден жана ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардан турган үй бүлөлөр үчүн гана көмүр жеткирүүгө чыгымдар: конуштарга чейин жашагандар үчүн 500 сом, конуштарда жашагандар үчүн 700 сом өлчөмүндө кошумча конпенсацияланат”.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун аткарылышына 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча мониторинг жүргүзсүн жана Бишкек шаардык кеңешине 2021-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Б. Абиров
