# Александровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-мартындагы № 17 "Александровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-августундагы № 62 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: Александровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-мартындагы № 17 "Александровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-августундагы № 62 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77519/edition/1068394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-мартындагы № 17 "Александровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-августундагы № 62 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" токтому (16.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700050

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-марты № 17 Александровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-августундагы № 62 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Александровка айыл өкмөтү тарабынан “Александровка айылдык аймагында турган ичүүчү суу курулмаларын баланска алуу жөнүндө” маалыматты угуп чыгып, Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин оптималдуу колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Александровка айылдык кеңешинин ошол токтомунун биринчи пункту окулсун:

Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик балансына ичүүчү суу курулмалары кабыл алынсын: Крупский айылындагы “Большой исток” ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси баланстык наркы 2 341 304 сом, жайгашкан даректери:

- Крупский айылы Совет көчөсү №жок;

- Крупский айылы Жеңишке 40жыл көчөсү №жок;

Две капли воды” ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси баланстык наркы 4 078 297 сом. Беш-Көрүк айылындагы ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси баланстык наркы 1 070 718 сом.

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Р.Ягузовко жүктөлсүн.

Александровка айылдык кеңешинин төрагасы

С. Койчуманов
