# Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-январындагы № 01-6-5 "Соода түйүндөрдүн айланасындагы санитардык жана башка абалы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-январындагы № 01-6-5 "Соода түйүндөрдүн айланасындагы санитардык жана башка абалы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-6-5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77494/edition/1065699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-январындагы № 01-6-5 "Соода түйүндөрдүн айланасындагы санитардык жана башка абалы тууралуу" токтому (11.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700023

---

СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-январы № 01-6-5 Соода түйүндөрдүн айланасындагы санитардык жана башка абалы тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун Сокулук айылдык аймагында жайгашкан базардын айланасынын санитардык-эпидемиалогиялык абалы тууралуу маалыматын угуп, ошондой эле башаламан соода-сатык көрүнүштөрү менен күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 3 пунктуна таянып, Сокулук айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук айылдык аймагында жайгашкан базарлардын, соода түйүндөрдүн, павильондордун, дүкөндөрдүн ээлери айлана-тегерегинин, тактап айтканда соода түйүнүнөн баштап трассага чейинки аралыкта санитардык-эпидемиолгиялык ченемдерди жана тазалыкты сактоо менен бирге башаламан соода-сатык көрүнүштөрүн болтурбоо иш-чараларын алып баруу милдеттери жүктөлсүн;

2. Фрунзе көчөсүндө (Бишкек – Кара-Балта трассасы), Ленин жана Калинин көчөлөрүндө жайгашкан соода түйүндөрдүн ээлерине аларга таандык территориясынын тегерегиндеги башаламан соода-сатык көрүнүштөрүнө тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын уруксааты жок соода кылгандарга жол бербөө милдеттери жүктөлсүн;

3. Соода түйүндөрүнүн ээлери санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана башаламан соода-сатык көрүнүштөрүнө жол бербөөнү сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылаары тууралуу маалымдалсын.

4. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн.

5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Раимбердиевке жүктөлсүн.

Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы

У.Акматов
