# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13451/edition/855401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70002

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 24-январы №41 Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 19-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аталган Жободогу документтердин үлгүлөрүн иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Мамлекеттик социалдык заказды өнүктүрүү жана аны ишке киргизүү механизмин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-декабрындагы №948 токтому;

- "Мамлекеттик социалдык заказды өнүктүрүү жана аны ишке киргизүү механизмин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-декабрындагы №948 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-майындагы №172 токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
