# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №39 ""Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №39 ""Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13450/edition/439612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №39 ""Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70001

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМУ 2009-жылдын 24-январы №39 "Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу "Транспорт каражаттарынын ээлеринин - жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 187 токтому менен жактырылган "Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. "Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 187 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
