# Сокулук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-январындагы № 10 "Сокулук айыл аймагында 2019-жылына карата айыл чарба эмес багытындагы короо-жай жер тилкесинин жана (К3 ) зоналык коэффицентинин жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сокулук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-январындагы № 10 "Сокулук айыл аймагында 2019-жылына карата айыл чарба эмес багытындагы короо-жай жер тилкесинин жана (К3 ) зоналык коэффицентинин жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77474/edition/1065657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700003.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сокулук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-январындагы № 10 "Сокулук айыл аймагында 2019-жылына карата айыл чарба эмес багытындагы короо-жай жер тилкесинин жана (К3 ) зоналык коэффицентинин жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому (24.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700003

---

СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-январы № 10 Сокулук айыл аймагында 2019-жылына карата айыл чарба эмес багытындагы короо-жай жер тилкесинин жана (К3 ) зоналык коэффицентинин жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө Сокулук айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис Искендер уулу Жылдызбектин маалыматынын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун, 338-беренесинин 1-пунктунун, “Салык Кодексин ишке ашыруу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренсинин 7-бөлүмүнүн негизинде, жана ошондой эле калктуу конуш жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин (жер салыгын эсептөө үчүн) зоналык коэффицентти аныктоо максатында,Сокулук айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук айылдык аймагындагы короонун ичиндеги, короо-жай жана огороддорду колдонууга жер салыгынын ставкасы 1 соткага 11,0 сом бекитилсин.

2. Сокулук айылдык аймагында айыл чарбв эмес багытындагы жерлерди пайдаланган үчүн 1,2 зоналык коэффиценти (К3 ) бекитилсин.

3. Таштандыларды чогултуп чыгаруу кызматы үчүн жеке ишкерлерден жана юридикалык жактардан 100 сом алынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын бюджеттик комитетинин төрагасы У.Оторкуловго жүктөлсүн.

Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы

У.Акматов
