# Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 01-6-17 "Таажывирус инфекциянын (Covid-19) жайылышын алдын алуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 01-6-17 "Таажывирус инфекциянын (Covid-19) жайылышын алдын алуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-6-17
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/700000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77471/edition/1065651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/700000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 01-6-17 "Таажывирус инфекциянын (Covid-19) жайылышын алдын алуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө" токтому (30.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/700000

---

СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-апрели № 01-6-17 Таажывирус инфекциянын (Covid-19) жайылышын алдын алуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө 2020-жылдын 3-апрелиндеги бюджеттик комиссиянын протоколун талкуулап, комиссиянын төрагасы У.Оторкуловдун жергиликтүү бюджеттен жылдыруу жолу менен акча каражатын бөлүп берүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп, бөлүнө турган акча каражаттарды таажывирус (Covid-19) илдети менен күрөшүүгө жана жайылтпоо максатында, Соклук айыл өкмөтүнө айтылган иш-чараларды аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн, жана ошндой эле Сокулук районунда өзгөчө кырдаал абалы жарыялангандыгына байланыштуу оор абалда калып жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана гуманитардык жардам берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 токтомун, Чуй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн 2020-жылдын 26-мартындагы №69-р буюрмасынын жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 109-р буюрмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Мамлекеттик жарандык” мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 36-беренесинин 7-пунктуна таянып, Сокулук айылдык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджеттен таажывирус (Covid-19) илдетин жайылтпоо максатында багытталган төмөнкүдө көрсөтүлгөн иш-чараларын жүргүзүү үчүн акча каражаты бөлүнсүн:

1.1. Сокулук айылдык аймакта жайгашкан имараттарды, сейилдөөчү парктарды, ички көчөлөрдү, аянтты дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө атайын каражаттарды жана жабдууларды, ошондой эле күйүүчү майды (бензин, солярка) жана унаатетиктерди сатып алууга бөлүнсүн;

1.2. Таажывирус (COVID – 19) илдетин жайылтпоо максатында иштерди алып барып жаткан элдик кошундарды, тосмолордо турган адамдарды жеке коргонуу каражаттар менен тамак – аш менен камсыз кылууга, акча каражаттары бөлүнсүн (тосмолорду орнотуу орундары айылдык кеңештин депутаттары менен макулдашылсын);

1.3. Мамлекеттик органдарга жардам катары тартипти сактоого багытталган иш-чараларын аткаруу үчүн түзүлгөн волонтердук уюмдарды, элдик кошундарды жана медициналык мекемелерди атайын каражаттар жана жабдуулар менен камсыз кылууга;

1.4 Муниципалдык объектилерди (борбордук сейил паркы, “Жеңиш паркы, борбордук стадион ж.б.) коргоого;

1.5 Сокулук айыл аймагында тазалыкты жана жашылдандырууну камсыз кылуу максатында кошумча жумушка алынган дворниктерге, парк жана стадионду кароочуларга айлык акысын төлөп берүүгө;

1.6 Жакыр үй-бүлөөлөргө, жардамга муктаж болгон жарандарга, азык-түлүк жана жеке коргоо каражаттарын Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы бекиткен кошумча тизмедеги жарандарга жардам менен камсыз кылуу;

1.7 Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысына негизги тизмеге кирбей калгандар жарандарды кошумча тизме менен бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизгенге макулдук берилсин

1.8 Сокулук айылдык кеңешинин, Сокулук айыл өкмөтүнүн жана мамлекеттик органдардын таажывирусту жайылтпоо максатына багытталган иш-чаралары тууралуу маалыматтарды жана өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал, согуштук абалындагы эрежлерди сактоого багытталган агитациялык баракчаларды таратууга, аудио каражаттарды, социалдык тармактарды жана интернетти колдонууга жумшала турган акча каражаты бөлүнсүн;

2.. Жардамга муктаж болгон Сокулук айыл аймагынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин;

2.1. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өз алдынча иш-аракеттер планын бекитүүгө жана аткарууга уруксат берилсин. Иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан учурда айыл өкмөтүнүн башчысы 2 пунктта бекитилген жобо менен иш алып барсын;

2.2. Жергиликтүү бюджеттен сырткары демөөрчүлүк, кайрымдуулук жана донордук, анын ичинде чет мамлекеттик булактардан келген гуманитардык жардамды айыл өкмөтүнүн башчысына өз алдынча бөлүштүрүүгө макулдук берилсин. Жардамга муктаж болгон жарандардын иш жүзүндө жашаганына жана катталган дарегине карабастан айтылган жардам бөлүштүрүлсүн;

2.3. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал, согуштук абал жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизиле турган абалдарда уюштуруу иш-аракеттерин жүргүзүү максатында жергиликтүү бюджеттен 2020-жылга жылдыруу жолу менен кошумча акча каражаты айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан каралсын;

2.4. Айыл өкмөт башчысы бекиткен кошумча тизмедеги жакыр үй-бүлөлөлөрдү, жардамга муктаж болгон жарандарды азык-түлүк жана жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылууга;

2.5. Негизги тизмеге кирбей калган жарандарды кошумча тизме менен бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө айыл өкмөтүнүн башчысына макулдук берилсин;

3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Юстиция Министрлигине ушул токтомду каттоо;

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо кеңеш айылдык төрагасынын орун басары Н.К.Райымбердиевке жүктөлсүн.

Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы

У.Акматов
