# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №38 "Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №38 "Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13449/edition/439107/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №38 "Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (24.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70000

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 24-январы №38 Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Климатка антропогендик таасирди жумшартууга жана болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга багытталган чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу

1-статья. Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоо (10/СМР.2 чечим) ратификациялансын. 2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы секретарына ратификациялык грамотаны сактоого жиберсин. 3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
