Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун «В» тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 24-январы №38 Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Климатка антропогендик таасирди жумшартууга жана болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга багытталган чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоону (10/СМР.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу
1-статья. Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоо (10/СМР.2 чечим) ратификациялансын. 2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы секретарына ратификациялык грамотаны сактоого жиберсин. 3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясына Киото протоколунун "В" тиркемесине оңдоо (10/CMP.2 чечимди) ратификациялоо тууралуу Кыргыз…Закон · 16.04.2009 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон