# 9-берене. Шайлоо комиссияларынын тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 9-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-9

---

1. Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону

жана өткөрүүнү уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун

төмөнкүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы);

2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош

шаардык шайлоо комиссиялары (мындан ары - облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары);

3) округдук шайлоо комиссиялары;

4) райондук, шаардык шайлоо комиссиялары;

5) участкалык шайлоо комиссиялары.

3. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын

Конституциясы, Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө Мыйзам, ушул Кодекс жана шайлоо жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.

4. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары өз компе-

тенциясынын чегинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көз карандысыз. Шайлоону даярдоо жана өт- көрүү учурунда шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жер- гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, сая- сый партиялар, башка юридикалык жактар, алардын кызмат адамдары, ошон- дой эле айрым жарандар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.

5. Шайлоо комиссиялары өз компетенциясынын чегинде кабыл алган

алардын чечимдери жана актылары мамлекеттик бийлик органдары, мамлекет- тик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар, алардын кызмат адамдары, талап- керлер, саясый партиялар, шайлоочулар, ошондой эле өзүнөн төмөнкү шай- лоо комиссиялары үчүн милдеттүү.

6. Шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына,

ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан ашкере кетүү менен кабыл алынган че- чимдери жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгары- лууга тийиш.

7. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйга- рым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, атап айтканда, зарыл има- рат жайларды, транспорт, байланыш каражаттарын, техникалык жабдууларды, маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоого даярдык көрүүнүн жү- рүшүндө шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен бай- ланышкан кайрылууларына эки календарлык күндүн ичинде, ал эми добуш бе- рүү күнү же добуш берүүдөн кийинки күнү дароо жооп берүүгө милдеттүү.

8. Шайлоо комиссиялары саясый партияларга, коммерциялык эмес уюм-

дарга, башка юридикалык жактарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле алардын кызмат адамдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү ме- нен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч менен ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги- ленген мөөнөттөрдө кайрыла алат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-10)
