# 86-берене. Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 86-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-86

---

жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде ок-

ругдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү кењешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана тез арада аларды тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиясына берет, анын натыйжасын тийиштүү аймак боюнча аныктайт.

2. Тиешелүү шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочулары-

нын эњ көп сандагы добушун алган талапкерлер (мандаттын санына ылайык) шайланды деп табылат. Талапкерлер алган добуштар тењ болуп калган учур- да мурда катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күнү катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун натыйжасы облус-

тук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натый- жасы аныкталган күндөн тартып он күндүн ичинде жалпыга маалымдоо кара- жаттарына жарыяланат.

4. Округдук шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактардагы шайлоонун

жыйынтыктарын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кењештин депутатынын статусу менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктарын тапшырып бергендиги жөнүндө арыздарын алгандан кийин үч күн- дүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоодон өткөрөт. Тиешелүү обласс- тык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарга Бор- бордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү шайлангандыгы тууралу күбөлүк берет.

5. Эгерде сот шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун топто-

гон талапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шай- лоонун натыйжаларын аныктаганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгарбаса, шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыгарылган- га чейин шайланган талапкерди депутат деп каттоону токтото турат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-87)
