# 84-берене. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 84-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-84

---

каттоо

1. Каттоо үчүн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Кодекстин

27-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди округдук шайлоо комиссиясына шайлоо күнүнө чейин кеминде 25 календарлык күн мурда бе- рет.

2. Округдук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн

тартып 5 календардык күндүн ичинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү тартиби ушул Кодекстин талаптарына ылайык келер-келбесин текшерет жана депутаттыкка талапкерди каттоо жөнүндө чечим, болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. Талапкерлер каттоого чейин жана сунушталган документтери текшерүү- дөн өткөндөн кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражатынан же өзүнүн жеке каражатынан тиешелүү облусттук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары- нын атайын фонддоруна төмөндөгүдөй өлчөмдө шайлоо күрөөсүн коюшат:

- Бишкек жана Ош шаардык кењештерине - мыйзамда белгиленген эсеп-

тик көрсөткүчтүн элүү эсе өлчөмүндө;

- шаардык жана райондук кењештерге - мыйзамда белгиленген эсептик

көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө;

- поселкалык жана айылдык кењештерге - мыйзамда белгиленген эсеп-

тик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө. Коюлган шайлоо күрөөсү талапкерге, эгерде анын талапкерлигине до- буш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмеси добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондунун эсебине алынып, шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү, шайлоо сис- темасын өркүндөтүү багытында максаттуу түрдө пайдаланылат.

3. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шай-

лоо күнүнө чейин 20 календарлык күн мурда аяктайт.

4. Катталган депутаттыкка талапкерлер жөнүндө маалыматтарды округ-

дук шайлоо комиссиясы 3 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо ка- ражаттарына жарыялайт. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-85)
