# 83-берене. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 83-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-83

---

көрсөтүү

1. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү

шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 кален- дардык күн калганда аяктайт.

2. Жергиликтүү кењештерге талапкерлерди көрсөтүү укугу саясый пар-

тияларга, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

3. Саясый партиялар ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча та-

лапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу, алардын саны ошол округ боюнча белги- ленген мандаттардын санынан көп болбоого тийиш. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Шайлоо комиссияларына документтерди тапшырууда саясый партиялар ушул Кодекстин 25-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алат. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлер саясый партиянын съездинде (конференциясында), анын аймактык бөлүмүнүн чогулушунда (кон- ференциясында) көрсөтүлөт. Саясый партиянын съездине (конференциясына), анын аймактык бөлүмүнүн чогулушуна (конференциясына) округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кењештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү талапкер болуп добушка коюлуу ниети жөнүндө арызды округдук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт.

4. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү жө-

нүндө протокол тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына сунуш кылынат.

5. Эч ким бир эле шайлоолордо бирден ашык шайлоо округунда талап-

кер болуп көрсөтүлбөйт.

6. Эгерде көрсөтүлгөн талапкерлердин саны тийиштүү шайлоо округун-

да белгиленген сандагы мандаттардан аз болуп калса, болбосо бардык көр- сөтүлгөн талапкерлер алар катталганга чейин өз талапкерлигин алып салса же чыгып калса, тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүү мөө- нөтүн 20 календарлык күндөн ашпаган убакытка узартат.

7. Каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин депутаттыкка бардык талапкер-

лер чыгып калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо ко- миссиясынын сунушу боюнча өзүнүн токтому менен шайлоонун мөөнөтүн 40 күндөн ашпаган убакытка узартат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-84)
