# 73-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 73-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-73

---

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясый партиялардын ыйгарым

укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбес- тен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комис- сиясына ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документ- терди, ошондой эле шайлоо күрөөсүн койгондугун ырастаган документти бе- рет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүшкөн саясый партиялар катталган-

га чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш мињ эселенген өл- чөмүндөгү шайлоо күрөөсүн коет. Коюлган шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын беш жана андан ашык пайы- зын алган саясый партияларга кайра кайтарылат.

3. Борбордук шайлоо комиссия документтерди кабыл алган күндөн тар-

тып 10 календарлык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тар- тиби ушул Кодекстин талаптарына ылайык келип-келбешин текшерет жана та- лапкерлердин тизмесин каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

4. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин

30 календарлык күн калганда аяктайт.

5. Эгерде бирдиктүү шайлоо округу боюнча ушул беренеде белгиленген

мөөнөттө бир дагы талапкерлердин тизмеси катталбаса же талапкерлердин бир гана тизмеси катталса, анда шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кий- инки шайлоо аракеттерин жасоо үчүн 25 календарлык күнгө кийинкиге жыл- дырылат.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-74)
