# 72-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Декрет ВП от 1 июля 2010 года №94 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202841)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.07.2010 [Декрет ВП от 1 июля 2010 года №94 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202841); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401737..401739>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 72-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-72

---

1. Жогорку Кењештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү

шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоого чейин 45 календарлык күн калганда аяктайт.

2. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалган күнгө чейин

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон жана/же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талап- керлердин тизмесин көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш менен кабыл алынат. Кезектеги (кезексиз) съездди чакыруу жана өткөрүү саясий партиянын уставы менен каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Саясий партиянын талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу.

3. Талапкерлердин тизмесине киргизүү үчүн саясый партиялардан та-

лапкерлерди көрсөтүү ушул берененин талаптарын эске алуу менен, ошондой эле ушул Кодекстин 25, 51-беренелери менен каралган жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Тизме боюнча саясый партиядан көрсөтүлгөн талап- керлердин жалпы саны 120 талапкерден ашпашы керек. Саясый партиялар талапкерлердин тизмесине башка саясый партиялар- дын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды киргизүүгө укуктары жок. Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясый партия төмөнкү өкүлчүлүк- тү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы адамдар жетимиш пайыздан ашык эмес, мында саясый

партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги ке- зектешүүсүнүн айырма үч позициядан ашпашы керек;

- 35 жаштан ашпаган адамдар он беш пайыздан кем эмес;

- ар кандай улуттардан өкүлчүлүк кылган жарандар он беш пайыздан

кем эмес.

4. Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону дайындоодон кийин беш

календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясый партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени саясый партиянын финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аталышын жана маалыматтарын, ошондой эле ушул Кодекске ылайык саясый партиядан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугу бар шайлоо боюнча саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматта- рын көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүүгө милдеттүү. Саясый партиянын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө- сүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү билдирмеге саясый партиянын жетекчиси кол коюп жана саясый партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Саясый партия, эгерде документтеринде пайдаланылган кыскача аталыш жана эмблема уставда камтылган аталыштан жана эмблемадан сыпатталышы боюнча айырмаланса, аны Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясый партиянын аталышы жана эмблемасы Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо процесси аяктаганга чейин өзгөртүүгө жол бе- рилбейт. Борбордук шайлоо комиссиясы саясый партияга ошол билдирмени алган- дыгын жазуу жүзүндө ырастоону жана саясый партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымкатты дароо берүүгө милдеттүү.

5. Саясый партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмеси Борбордук

шайлоо комиссиясына сунуш кылынат. Талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш кыл- гандан кийин анын курамы жана аларда талапкерлерди жайгаштыруу тартиби талапкерлердин чыгып калышын пайда кылгандан тышкары учурларда өзгөртү- лүшү мүмкүн эмес. Андай болгондо чыгып калган талапкердин ордун ушул берененин 3-пунктунун талаптарын эске алуу менен саясый партиянын башка мүчөсү ээлейт. (КР 2009-жылдын 23-январындагы N 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 94 Декретинин редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-73)
