# 66-берене. Кайрадан добуш берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 66-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-66

---

1. Эгерде шайлоо бюллетенине Президенттин кызмат ордуна экиден

ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбай калса, Борбор- дук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талап- кер боюнча Президентти шайлоо боюнча кайрадан добуш берүүнү дайындайт.

2. Кайрадан добуш берүү шайлоонун натыйжасы аныкталган күндөн

тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен, ушул Кодекстин талаптарын сактоо менен өткөрүлөт. Кайрадан добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө билди- рүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күн- дөн тартып 3 календарлык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо кара- жаттарына жарыялайт.

3. Эгерде кайрадан добуш берүүнү өткөргөнгө чейин Президенттин

кызмат ордуна талапкердин бири чыгып кетсе, Борбордук шайлоо комиссия- сынын чечими боюнча жалпы шайлоодо алгачкы жолу кайрадан добуш берүү дайындалган талапкерлерден кийин шайлоочулардын кыйла көп сандагы добу- шун топтогон талапкер кайрадан добуш берүүнү өткөрүү үчүн экинчи талап- кер деп табылат. Эгерде бөлөк талапкер калбаса, бир талапкер боюнча шайлоо өткөрүлөт.

4. Кайрадан добуш берүүдө, эгер добуш берүүгө бардык шайлоочулар-

дын 50 пайыздан кем эмеси катышса, добуштардын тењинен көбүн алган та- лапкер шайланды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-67)
