# 65-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 65-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-65

---

жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде

райондук, шаардык шайлоо комиссиялары өз жыйналыштарында өз аймагында шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана аны тез арада облустук, Бишкек шайлоо комиссиясына берет.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо

комиссияларынын протоколдорунун негизинде шайлоо күнүнөн кийин, беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжасын аныктайт жана аны кароо жана Кыргыз Республикасы- нын Президентин шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жиберет.

3. Эгерде шайлоого шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочу-

ларынын элүү пайызынан көбү катышса Президентти шайлоо болду эсептелет. Добуш берүүнүн биринчи турунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган Президенттин кызмат ордун талапкер шайланды деп эсептелет.

4. Эгерде сот шайлоочулардын алда канча көп добушун топтогон та-

лапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгар- баган болсо, шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыгарыл- ганга чейин шайлоонун натыйжаларын аныктоону токтотот.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-66)
