# 63-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 63-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-63

---

талапкерлерди каттоо

1. Каттоо үчүн Президенттин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым

укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, ошондой эле талапкер шайлоо күрөөсүн койгон- дугун тастыктаган документти берет.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн

тартып, 10 календарлык күндүн ичинде Президенттин кызмат ордуна талап- керди көрсөтүү тартиби Конституциянын жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык келер-келбесин текшерет жана Президенттике талапкерди каттайт, болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди чыгарат.

3. Президенттикке талапкер каттоого чейин жана сунуш кылынган до-

кументтер текшерилгенден кийин жеке каражаттарынан же өз шайлоо фонду- нун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мый- замда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн мињ эсе өлчөмүндөгү шайлоо кү- рөөсүн коет. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 15 пайызы талапкерди жактап добуш берсе, коюлган шайлоо күрөөсү шайлоо өт- көрүлгөндөн кийин талапкерге кайра кайтарылат. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө тийиш эмес, ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабы- нан атайын максатка - шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө пайдаланылат.

4. Шайлоо күнүнө чейин 35 календарлык күн калганда Президенттикке

талапкерлерди каттоо аяктайт.

5. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди Борбордук шайлоо комиссия-

сы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга билдирет. Бул чечим беш күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-64)
