# 61-берене. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 61-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-61

---

мамлекеттик тилди билиши

1. Мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны Прези-

дент болуп шайлана алат.

2. Мамлекеттик тилди билүү мамлекеттик тилде окуй билүү, жаза би-

лүү, өз оюн баяндай билүү менен аныкталат.

3. Талапкерди мамлекеттик тилди билбейт деп таануу үчүн төмөнкүлөр

гана негиз боло алат:

- талапкердин мамлекеттик тилди билишин текшерүүгө катышпагандыгы;

- мамлекеттик тилде окуй билбегендиги, жаза билбегендиги жана өз

оюн баяндай билбегендиги. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин белгилөө Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Борбордук шай- лоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы Президентти шайлоо дайындалаар күндөн 20 календарлык күн мурда Жогорку Кењештин бекитүүсүнө Тил боюнча комиссиянын курамын сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Борбордук шайлоо комиссиясы сунуш кылган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө Тил боюнча комиссиянын курамын беки- тет. Эгер Жогорку Кењеш ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө Тил боюнча комиссиянын курамын бекитпесе, Тил боюнча комиссиянын курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин текшерүү үчүн талапкер:

а) өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын көлөмүн үч беттен ашыр-

бастан жазуу жүзүндө баяндоого;

б) өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баян-

доо менен кеминде 15 минута оозеки сүйлөөгө;

в) көлөмү үч беттен ашпаган басылма текстти окуп берүүгө тийиш.

Тил боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү талапкердин мамлекеттик тилди билиши жөнүндө төмөнкүдөй шкала менен ар бир пункт боюнча өзүнчө үн чы- гарып корутунду жасайт:

- билет;

- билбейт.

Тил боюнча комиссиянын чечимдери комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Тил боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйналышында катышкандардын эч кимисинин добуш бербей коюу- га укугу жок. Тил боюнча комиссия чечим кабыл алып жаткан учурда, эгер- де жактаган же каршы добуштардын саны бирдей болсо, Комиссиянын төрага- сынын добушу чечүүчү добуш болуп саналат. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин текшерүү талапкерлер үчүн бирдей шартты сактоо менен жүргүзүлөт. Мамле- кеттик телекөрсөтүү талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо жолжобосун түз эфирден көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-62)
