# 60-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 60-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-60

---

талапкерди көрсөтүү

1. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайын-

далган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 65 календарлык күн калганда аяктайт.

2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу шайлоо

дайындалган күнгө карата юстиция органдарында расмий каттоодон өткөн саясый партияларга, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

3. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү саясый парти-

янын Уставында каралган тартипте жана ушул Кодекстин 25-беренесинин та- лаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Саясый партиялар Президенттин кызмат ордуна бир гана талапкерди

көрсөтүүгө укуктуу.

5. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Президенттин кызмат ордуна талап-

керди көрсөтүү Борбордук шайлоо комиссиясына Президенттин кызмат ордуна талапкер болуп добушка коюлууга ниеттенгени жөнүндө арыз берүү жолу ме- нен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-61)
