# 58-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611); 10.01.2009 [Закон КР от 10 января 2009 года № 3 "О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 58-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-58

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат.

2. Бир эле адам удаасы менен эки мөөнөттөн ашык Президент болуп

шайлана албайт.

3. Президент болуп курагы 35 жашка толгон жана 65 жаштан ашпаган,

мамлекеттик тилди билген, республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган, чет мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

4. Президентти шайлоо Жогорку Кењеш тарабынан шайлоо күнүнө чейин

кеминде төрт ай мурда дайындалат.

5. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын Кон-

ституциясында белгиленген учурларда жана тартипте Жогорку Кењеш тарабы- нан дайындалат жана Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш. Бул учурда, ушул Кодексте белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөтү төрттөн бирге кыскарат.

6. Президентти шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жогорку Кењештин ток-

тому, ал кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпы- га маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.

7. Эгерде Жогорку Кењеш Президентти шайлоону ушул берененин 4,

5-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө дайындабаса, Президентти шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы Президентти шай- лоону өткөрүү датасын 2 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо ка- ражаттарына расмий жарыялайт жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө шайлоону өткөрөт. (КР 2009-жылдын 10-январындагы № 3, 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-59)
