# 56-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону алып

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 56-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-56

---

салуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин алып салуу үчүн негиздер

1. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон алып салуу тийиш-

түү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер анда пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы ырасталганда, анын ичинде талапкерде мыйзамда белгиленген тартипте сот- толгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын, талапкерге кара- та соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же жоготкондугу жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзам менен белгиленген башка анын пассивдүү шайлоо укугу жок экендигинин не- гиздери болгондо, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жүргүзүлөт. Талапкерди каттоону алып салуу тийиштүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан төмөнкү учурларда добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күн- дөн кечиктирбестен жүргүзүлөт:

а) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз берсе;

б) саясый партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоолордо талап-

керлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;

в) өзүнүн шайлоо кампаниясын финансылоо учурунда шайлоо фондунун

каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча ка- ражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча ка- ражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун кара- жаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бар- дык чыгымдарынын чек коюлган суммасынын белгиленген суммасынан 0,5 пай- ыздан ашыкча чыгымдаганда;

г) эгерде тийиштүү даттануу талапкерди каттагандан кийин беш күн-

дүн аралыгында берилген болсо, ушул Кодекстин 27- жана 28-беренелеринде аныкталган эрежелер бузулганда;

д) талапкердин, талапкердин өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо макса-

тында кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу фак- тысы же болбосо талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин катыш- тыгы бар экендигинин фактысы ырасталса;

е) талапкердин, талапкердин өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин

жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катыштыгынын фактысы ырасталса;

ж) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын

туугандарынын шайлоочуларды сатып алгандыгынын же алардын шайлоочуларды сатып алууга катыштыгынын фактысы ырасталса.

2. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо

Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан төмөнкү учурларда добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт:

а) саясый партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда

жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартканда;

б) өзүнүн шайлоо кампаниясын финансылоо учурунда шайлоо фондунун

каражаттарынан тышкары саясый партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн ак- ча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка ак- ча каражаттарын пайдаланса же болбосо саясый партия өзүнүн шайлоо фон- дунун каражаттарынан чыгымдарды саясый партиянын шайлоо фондундагы ка- ражаттардын бардык чыгымдарынын чек коюлган суммасынын белгиленген сум- масынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

в) эгерде тийиштүү даттануу талапкерди каттагандан кийин 5 күндүн

ичинде берилген болсо, ушул Кодекстин 27- жана 28-беренелеринде анык- талган талапкерлердин тизмесин каттоонун эрежелерин бузганда;

г) саясый партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин же кызматкер-

леринин талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматтык же иш аба- лынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясый партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматтык же иш абалынын ар- тыкчылыгын пайдаланууга катыштыгынын фактысы ырасталганда;

д) саясый партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерле-

ринин же өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз катыштыгынын фактысы ырасталганда;

е) саясый партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерле-

ринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алгандыгынын же алардын шай- лоочуларды сатып алууга катыштыгы бар экендигинин фактысы ырасталганда.

3. Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун жыйынтыгын анык-

тоодон кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ал талапкерде анын пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу, анын ичинде талап- керде мыйзам менен белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбагандыгы же жоюлбагандыгы, талапкерге карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кир- гендиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ток- тотулгандыгы жөнүндө, жарандын башка мамлекетке таандыктыгы жөнүндө, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоолордун жыйынтыктары жө- нүндө шайлоо комиссиясынын чечими жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан алып салынат жана шайлоолор анык эмес деп таанылат. Эгер- де Жогорку Кењештин, жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатын тапшырганга чейин, талапкерге карата көрсөтүлгөн маалыматтар ырасталса, бул талапкердин шайлангандыгы тууралу чечим тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат. Мындай учурда мандат Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоодо ушул саясый партиядан талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкерге же болбосо жергиликтүү кењештердин депутаттарын шай- лоодо көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерге өткөрүлүп берилет.

4. Катталган шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын

камтыган, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкалары жа- гында добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары- нын чечимдерин алып салуу шайлоо округунда шайлоону жараксыз деп табуу- га алып келет.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер талапкерди, талапкерлердин

тизмесин каттоону алып салуу, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоо жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжасы жөнүндө шайлоо комиссиясынын че- чимин алып салуу үчүн акыркы болуп саналат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-57)
