# 52-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын,

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 52-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-52

---

талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышына контролдук кылуу

1. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каражат-

тарын түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу шайлоо комиссияла- ры тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына респуб-

ликалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу, ошондой эле талапкерлердин, саясый партиялардын шай- лоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн булактарына, туура эсептелишине жана пайдаланылышына контролдук кылуу үчүн, талапкерлер- дин, саясый партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 адамдан кем эмес контролдук-текше- рүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобун уюштуруунун жана анын иши- нин тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.

3. Контролдук-текшерүү тобуна төмөнкүлөр кирет: контролдук-текше-

рүү тобунун жетекчиси, анын орунбасары, контролдук-текшерүү тобуна дай- ындалган тиешелүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансы- лык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, су- роо-талап боюнча шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирбестен адистерди тиешелүү Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына жиберүүгө милдеттүү.

4. Тартылган адистер контролдук-текшерүү тобунда иштеп жаткан уба-

кытка негизги ишинен бошотулат, аларга иштеген орду (кызмат орду), бел- гиленген кызматтык айлык акысы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөр сакталат. Ишке тартылган бул адистерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйлык акы тө- лөнүшү мүмкүн.

5. Контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштурууну, укуктук жана мате-

риалдык-техникалык жактан камсыз кылууну тиешелүү Борбордук шайлоо ко- миссиясы жүзөгө ашырат.

6. Контролдук-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу

жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:

1) талапкерлердин, саясый партиялардын, төмөн турган шайлоо комис-

сияларынын финансылык отчетторун текшерет;

2) өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалымат-

тарды талапкерлерден, саясый партиялардан, шайлоо комиссияларынан сура- тат жана алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнү финансылоонун, талапкерлер-

дин, саясый партиялардын шайлоо кампаниясын жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан башка ишчараларды жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиби сак- талышына контролдук кылат;

4) контролдук-текшерүү тобунун карамагына кирген бардык маселелер

боюнча мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга кайрылат, шайлоону финансылык жактан камсыз кы- луу менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды суратат. Контролдук-текшерүү тобунун кайрылууларына жооптор жана ал сураткан ма- териалдар - үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө чейин беш жа- на андан аз күн калганда жана добуш берүү күнү - дароо берилет;

5) шайлоону финансылоо учурундагы финансылык эреже бузуулар жөнүн-

дө документтерди түзөт;

6) талапкерлердин шайлоо кампаниясын финансылоодо талапкерлер, са-

ясый партия, ошондой эле жарандар жана юридикалык жактар жол берген эреже бузуулар үчүн аларга карата жоопкерчилик чарасын колдонуу жөнүндө маселени тиешелүү шайлоо комиссиясына коет;

7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды даярдоого жана экспер-

ттик баа берүүгө эксперттерди тартат.

7. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда контролдук-текшерүү

тобу "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалана алат.

Х глава Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-53)
