# 49-берене. "Шайлоо" автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 49-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-49

---

1. Шайлоонун жүрүшүндө автоматташтырылган маалымат тутумун пайда-

ланган учурда, шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичи- нен автоматташтырылган маалымат тутумунун пайдаланылышына контролдук кылуучу топту түзөт. Шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү, талапкерлер- дин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын өкүлдөрү жа- на байкоочулар автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилген жана андан чыгарылган ар кандай маалымат менен таанышууга укуктуу. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия- лардын өкүлдөрү автоматташтырылган маалымат тутумунун жана анын прог- раммалык камсыздалышынын тактыгына жана шайма-шай экендигине ынана алы- шат.

2. Добуш берүү башталган учурдан тартып протоколго кол коюлганга

чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан автоматташтырылган маалымат тутуму маалыматтарды төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына берүү жолу менен добуш берүүнүн жүрүшүнө жана на- тыйжасына байкоо жүргүзүү үчүн гана пайдаланылат.

3. Бул убакыттын ичинде жогору турган шайлоо комиссияларынын маа-

лымат борборлорунан төмөн турган шайлоо комиссияларынын маалымат бор- борлоруна маалымат алынгандыгын ырастаган сигналдарды кошпогондо, кан- дайдыр-бир маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.

4. Автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу алынган добуш берүү-

нүн жүрүшү жана натыйжасы жөнүндө маалыматтар алдын ала маалымат болуп саналат, ал юридикалык мааниге ээ эмес.

5. Шайлоо комиссиясынын катчысында сакталган шайлоо комиссиясынын

протоколуна автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилген маалымат- тарды камтыган компьютерден басылып чыккан текст тиркелүүгө тийиш. Ком- пьютерден басылып чыккан текст түп нуска экендиги, автоматташтырылган маалымат тутумунун пайдаланылышына контролдук кылуу боюнча топтун мүчө- лөрүнүн жана маалыматты киргизүү үчүн жооптуу адамдын колтамгасы менен ырасталат.

IX глава Шайлоону финансылоо

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-50)
