# 48-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 48-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-48

---

натыйжаларын жарыялоо

1. Аймагында шайлоо комиссиясынын иши жайылтылган ар бир шайлоо

участкасы боюнча добуш берүүнүн, шайлоонун жыйынтыктары, шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы тиешелүү шайлоо комиссиясынын жана түз- дөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маа- лыматтардын көлөмүндө таанышуу үчүн шайлоочуларга, талапкерлерге, та- лапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эларалык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алардын та- лабы боюнча берилет.

2. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комисси-

ялары шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун жый- ынтыгы чыгарылгандан кийин бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо кара- жаттарына жиберет.

3. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле талапкерлердин, талапкер-

лердин тизмесинин ар бири алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык та- лапкерлерге, талапкерлердин бардык тизмесине каршы берилген добуштардын саны жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоону тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырат.

4. Тиешелүү шайлоо комиссиясы түздөн-түз төмөн турган шайлоо ко-

миссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана алардын негизинде тиеше- лүү шайлоо комиссияларындагы шайлоонун натыйжалары аныкталган маалымат- тарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-49)
