# 47-берене. Кайталап шайлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 47-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-47

---

1. Эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүү-

нүн жыйынтыктары боюнча талапкер шайланбай калса, кайталап шайлоо дай- ындалат. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кайталап шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдын ичинде дайын- дайт жана тиешелүү шайлоо комиссиялары өткөрөт. Талапкерлерди, талап- керлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, шайлоо боюнча башка аракет- тер, анын ичинде шайлоо аракеттеринин мөөнөтү ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 ка- лендардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

2. Кайра шайлоо өткөрүүдө аракеттери шайлоону жараксыз деп табуу

үчүн негиз болгон талапкерлер шайлануучу кызмат орундарына талапкер бо- луп кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

3. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-

нын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) шайлоолордун жыйынтыгын жана (же) натыйжаларын жараксыз деп табышы үчүн негиз болгон учурда кайталап шайлоо шайлоолорго катыш- кан жана кайталап шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген талапкер- лердин, саясый партиялардын арасында жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-48)
