# 43-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 43-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-43

---

комиссиясынын протоколу

1. Участкалык шайлоо комиссиясы тийиштүү шайлоо участкасындагы до-

буш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бирден ашык баракта түзүлгөн болсо ар бир баракка номер коюлууга, участкалык шайлоо комиссиясынын катышып отурган чечүүчү добушка ээ бардык мүчөлөрү кол коюуга, участкалык шайлоо комис- сиясынын мөөрү басылууга тийиш.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссия-

сынын протоколу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

а) нусканын номерин;

б) шайлоолордун дењгээлинин көрсөтүлүшүн;

в) "Протокол" деген сөздү;

г) шайлоо участкасынын номерин көрсөтүү менен шайлоо комиссиясынын

аталышын;

д) протоколдун саптарын:

1-сап: добуш берүү аяктаар учурга карата негизги тизмеге киргизил- ген шайлоочулардын саны; 1а-сап: кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны; 2-сап: участкалык шайлоо комиссиясы алган шайлоо бюллетендеринин саны; 3-сап: мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны; 4-сап: добуш берүү күнү добуш берүүчү жайда шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны; 5-сап: добуш берүү күнү добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны; 6-сап: шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны; 7-сап: жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны; 8-сап: добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендеринин саны; 9-сап: добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктердеги шайлоо бюллетендеринин саны; 10-сап: жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны; 11-сап: жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны; 12-сап: добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы саны; 13-сап: талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү, саясый партиялардын аталыштары (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) жана шайлоочулар- дын ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштарынын саны; 14-сап: "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тиз- мелерине каршы") деген позиция үчүн берилген шайлоочулардын добуштары- нын саны. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколго төмөнкүдөй саптар да кошулат: 15-сап: шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясы алган добуш берүү үчүн тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны; 15а-сап: шайлоодо добуш берүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочуларга шайлоо участкасында добуш берүү күнүнө чейин берген тиз- меден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны; 15б-сап: тизмеден чыгуу күбөлүктөрү боюнча шайлоо участкасында до- буш берген шайлоочулардын саны; 15в-сап: шайлоо участкасында пайдаланылбаган (жокко чыгарылган) тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн саны; 16-сап: жоголгон шайлоо бюллетендеринин саны; 17-сап: алынган шайлоо бюллетендеринин санынан ашып кеткен шайлоо бюллетендеринин саны;

е) протоколго тиркелүүчү даттануулардын (арыздардын), актылардын

жана башка документтердин тизмеси, алар боюнча участкалык шайлоо комис- сиясынын чечимдери, ошондой эле, эгерде бар болсо, протоколдун мазмуну- на макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлеринин тийиштүү жазуусу;

ж) участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана

башка чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн фамилиялары жана инициалдары, алардын колтамгалары;

з) протоколго кол коюлган дата жана убакыт;

и) участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү.

3. Ушул берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн сандар добуш берүү-

нүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго сан жана жазуу жүзүндө киргизилет. До- буш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол сыя менен гана толтурулат.

4. Бардык жогору турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун

саптары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун саптарына, ошондой эле ушул Кодекстин 45-беренесинин 2-пунктунда, 46-беренесинин 2-пунктунда каралган маалыматтарга дал келүүгө тийиш.

5. Тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгы, шайлоонун жыйынтыгы,

округдагы шайлоолордун натыйжасы жөнүндө кол менен жазылган шайлоо ко- миссиясынын протоколунун маалыматтары жана "Шайлоо" автоматташтырылган маалымат тутумун колдонуу менен алынган, кол коюу убактысын жана дата- сын көрсөтүү менен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгон протоколдун маалыматтары бири-бирине дал келүүгө тийиш.

6. Жогору турган шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жө-

нүндө шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын эки нускада жа- на ар бир талапкер, талапкерлердин тизмесин каттоого көрсөткөн саясый партия үчүн бир нускадан, ошондой эле шайлоо комиссиясынын имаратында жалпыга тааныштыруу үчүн илинип коюлуучу протоколдун чоњойтулган форма- дагы бир нускасын даярдоону камсыз кылат.

7. Бардык шайлоо комиссияларынын протоколдорду толтуруу тартиби

жана формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат жана беки- тилет. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-44)
