# 41-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Декрет ВП КР от 21 апреля 2010 года № 19 "О Временной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202777)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401737..401739>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 41-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-41

---

1. Өзү шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине киргизилген

шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка кетип жаткан жаран, ички иштер органдарынын) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн мурда Кыргыз Республикасынан сырткары кетип жаткандыгына же ушул Кодексте белгилен- ген башка негиздерге байланыштуу шайлоо округунун аймагында болбой тур- ганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тийиштүү документтерди (ишсапар күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, авиабилетти, паспорттогу визаны, ички иштер органдарынын буйругунун көчүрмөлөрүн, аскер бөлүгү- нүн командиринин буйругунун көчүрмөсүн, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн күбөлүгүнүн көчүрмөсүн же шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо жөнүн- дө токтомдун көчүрмөсүн) көрсөткөн учурда тиешелүү округдук шайлоо ко- миссиясынын жайында шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлүүчү, мөөнөтүнөн мур-

да добуш берген шайлоочулардын тизмесине мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу жөнүндө маалыматтар киргизилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет, ага кол коет жана шайлоо комиссиясынын чечүүчү до- буш укугу бар кеминде эки мүчөсүнүн катышуусунда добуш берүү үчүн бюл- летенди жана таза конвертти алат.

3. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын жабдылган кабинада же башка

адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда толтурат. Шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн купуя- лыгын камсыз кылуу жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссия- сынын мүчөлөрүнүн контролун камсыз кылууну эске алуу менен атайын жаб- дылган кабина орнотулууга же атайын орун тандалууга тийиш.

4. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу толтурган шайлоо бюлле-

тени конвертке салынат жана чапталат. Конверттин чапталган жерине ок- ругдук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсү- нүн колу коюлат, алар шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле мөөнөтү- нөн мурда добуш берген шайлоочунун колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

5. Шайлоо бюллетени салынып чапталган конверттер жана мөөнөтүнөн

мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берген учурга чейин шайлоо ко- миссиясынын жайында тийиштүү шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.

6. Добуш берүү күнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы

участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, башка адамдардын катышуусу менен добуш берүү башталар алдында мөөнөтүнөн мур- да добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө билдирет, өз көзү менен кө- рүп таанышуу үчүн шайлоо бюллетендери салынган, чапталган конверттерди жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген, тиешелүү жогору турган шайлоо ко- миссиясынын катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шай- лоочулардын тизмесин көрсөтөт. Андан соњ ал ар бир конвертти кезеги ме- нен ачат жана шайлоочунун эрк билдирүүсүнүн купуялыгын сактоо менен шайлоо бюллетендерин добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящикке салат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны добуш берүү башталар алдында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоњой- тулган формасына киргизилет, ал эми мөөнөтүнөн мурда добуш берген шай- лоочулардын негизги же кошумча тизмесинде шайлоочунун фамилиясынын ту- шуна "Мөөнөтүнөн мурда добуш берди" деген белги коюлат. (КР 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ №19 декретинин редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-42)
