# 37-берене. Добуш берүүчү жай

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 37-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-37

---

1. Добуш берүүчү жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусу-

на аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.

2. Добуш берүүчү жайда жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган,

жарык берүү тутуму менен камсыз кылынган жана карандаштан бөлөк жазма буюмдары менен жабдылган кабиналар же башка орундар жайгаштырылат. Жарык кылуу тутумунда аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы болуу керек. Электр жарыгы өчүп калган учурда добуш берүүлөр кайта (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин ток- тотула турат. Бул учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натый- жалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясый партия- лардын өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.

3. Добуш берилүүчү жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт,

анда талапкерлер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясый партиялар жө- нүндө маалымат материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүттөөчү чакырыктар камтылууга тийиш эмес. Стендде ошондой эле толту- рулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын аталышы камтылбайт.

4. Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, жашыруун

добуш берүүчү кабиналар жана жайлар жана бир эле учурда добуш берүүчү ящиктер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясый парти- ялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабды- лууга тийиш.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-38)
