# 34-берене. Массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 34-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-34

---

алдындагы үгүт

1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары талапкерлерге, саясый партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, эл алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, ми- тингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүү- гө, массалык ишчараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдет- түү.

2. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоочулар менен жолугу-

шуусун өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган има- рат-жайды бөлүү жөнүндөгү арыздары алар берилген күнү мамлекеттик бий- лик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат. Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн талапкерге, саясый партияга има- рат-жайды берүүдөн баш тартылган учурда мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жүйөө- сү көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү чечимди берүүгө милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн имарат-жай массалык ишчараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясый партиялардын бирине берилген болсо, ушул эле имарат-жайды башка талапкерге, саясый партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Шайлоо комиссияларынын суроо-талабы боюнча жалпы элдик ишчара-

ларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчикте, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакытка талапкерлердин, саясый партиялардын, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн акысыз берилет. Мында шайлоо комиссиялары талапкерлерге, саясый партияларга массалык ишчара- ларды өткөрүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-35)
