# 31-берене. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 31-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-31

---

1. Шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяк-

таган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

2. Кайталап добуш берүүнү өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүт

иштери кайталап добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып кайрадан башталат жана кайталап добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

3. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тыш-

кары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-32)
