# 29-берене. Талапкерлердин, саясый партиялардын ишенимдүү адамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 29-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-29

---

1. Талапкер, саясый партиялар ишенимдүү адамдарды дайындоого укук-

туу.

2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин

каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин кат жүзүндөгү арызы- нын, саясый партиянын сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдук берүү жөнүндөгү жарандын өз арызынын негизинде дароо жүргүзүлөт. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бел- гиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.

3. Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин Администрациясынын,

Өкмөттүн, Жогорку Кењештин аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматчылары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар ишенимдүү адам боло албайт.

4. Ишенимдүү адамдар талапкерлердин, саясый партиялардын аларга

берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет.

5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

мыйзам менен жол берилген ар кандай формада жана мыйзамдуу усулдар менен талапкердин, талапкерлердин тизмесинин шайланышына көмөк болуучу үгүт жана башка иштерди жүргүзүүгө, алардын шайлоо алдындагы программа- ларын сунуш кылууга; шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда сөз сүйлөөгө, шайлоо алдындагы талаш-тартыштарга катышууга; мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор- гандарынан шайлоо алдындагы чогулуштарды жана шайлоочулар менен жолугу- шууларды өткөрүүдө зарыл жардам алууга; шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга; добуш берүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда шайлоо участкаларында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде түзүлгөн участкаларда болуу- га; шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдор ме- нен таанышууга; шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсизди- гине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.

6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө; добуш берүүчү жайда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюл- летенин алууда кол коюуга, ошондой эле жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинада, жайда же бөлмөдө ал үчүн шайлоо бюллетенин толту- рууга; эгерде ал журналист, чыгармачыл кызматкер же жалпыга маалымдоо ка- ражаттарынын редакцияларынын кызмат адамы болуп саналса, теле жана ра- дионун маалыматтык программаларын (берүүлөрүн) алып барууга, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга.

7. Администрация (иш берүүчү) ишенимдүү адамдын өтүнүчү боюнча

ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары токтотулган учурга чейин ага акы тө- лөнбөй турган өргүү берүүгө милдеттүү.

8. Талапкерлер, ишенимдүү адамдарды дайындаган саясый партиялар

каалаган убакта шайлоо комиссияларына билдирүү менен аларды кайра ча- кыртып алууга укуктуу, шайлоо комиссиясы андай ишенимдүү адамдарга бер- ген күбөлүктөрдү жокко чыгарат. Ишенимдүү адам каалаган учурда ага бе- рилген күбөлүктү тийиштүү шайлоо комиссиясына кайтарып берүү жана бул жөнүндө аны дайындаган талапкерге, саясый партияга билдирүү менен өз демилгеси боюнча өз ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.

9. Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ушул берененин 8-пунктунда

көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же аларды дайындаган катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия статусун жоготушу менен бирге токтотулат.

VI глава Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-30)
