# 28-берене. Талапкерлердин статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Декрет ВП КР от 21 апреля 2010 года № 19 "О Временной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202777)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.04.2010 [Декрет ВП КР от 21 апреля 2010 года № 19 "О Временной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202777); 22.10.2009 [Закон КР от 22 октября 2009 года № 284 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202728)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401737..401739>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 28-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-28

---

1. Бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана ушул Кодексте бел-

гиленген учурларды кошпогондо, бирдей милдеттерди аткарат.

2. Саясый жана администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын жана

муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттин (муниципалдын) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер өздөрүнүн кызматтык жана иш абалы- нын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз. Ушул Кодексте кызматтык же иш абалынын артыкчылыктарын пайдалануу деп буларды түшүнөбүз: көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштерди аткарууга өзүнө баш ийген же ага бөлөкчө кызматтык көз карандылыкта турган адам- дарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды жумуш убагында тартуу; мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имарат жайларды, башка да талапкерлер аларды ошондой эле шарт- тарда пайдалана албаса, көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштерди өткөрүү үчүн пайдалануу; мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган- дарынын иштешин камсыз кылуучу телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн, маалыматтык кызматтарды, оргтехниканы көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштер үчүн пайдалануу; мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөктөшүүчү иштер үчүн акысыз же же- њилдетилген шарттарда пайдалануу. Бул жобо аталган транспортту мамле- кеттик күзөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык пайдаланган адамдарга, ошондой эле Жогорку Кењешинин депутаттарына жайылтылбайт; мамлекеттик кызматчылар же муниципалдык кызмытчылар кызматтык кы- дыруунун жүрүшүндө колтамгаларды чогултушу, шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүшү; колтамга чогултуу же шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү макса- тында жалпыга маалымдоо каражаттарын (башка талапкерлерге караганда) артыкчылык менен пайдалануу. Аталган чектөөлөрдү сактоо шайланылуучу кызмат адамдарына шайлоо- чулар алдындагы өз милдеттерин аткарышына тоскоол болууга тийиш эмес.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жана башка аткаруу бийлик органдарынын, укук коргоо жана фискалдык органдардын, алардын облустук, райондук түзүмдүк бөлүм- чөлөрүнүн жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары, жергиликтүү мам- лекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атка- руучу-тескөөчү органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, уставдык капита- лында мамлекеттик жана муниципалдык үлүш 30%дан көбүрөөк болгон ишкана- лардын жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары, эгерде алар добушка коюлуп жаткан Жогорку Кењештин, жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округу жогоруда аталган тиешелүү органдардын таа- сир этүү зонасында жайгашса, ээлеген кызмат орундарынан бошотулууга тийиш. Бул учурда таасир этүү зонасы болуп жогоруда аталган органдар өз ишин жана кызмат көрсөтүүсүн жайылта турган администрациялык-аймактык бирдик саналат. Мамлекеттик кызмат ордун, муниципалдык кызмат ордун ээлеген жана жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген катталган талапкерлер каттал- ган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кыз- маттык, эмгектик милдеттерин аткаруудан бошотулууга тийиш же кызматтык же иш ыйгарым укуктарын аткаруу убактылуу токтотулууга тийиш. Бул эреже Президентке жана Жогорку Кењештин депутаттарына жайылтылбайт. Катталган талапкер иштеген, кызмат кылган мамлекеттик бийлик ор- гандарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүгүнүн командири жана башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер кайрылган күндөн баштап үч ка- лендардык күндүн ичинде талапкердин арызынын, рапортунун негизинде мен- чиктин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен орточо өлчөмдөгү эмгек акысын сактоо менен талапкерди кызматтык (эмгектик) милдеттерин аткаруудан бошотууга, болбосо кызматтык ыйгарым укуктарын аткарышын токтото турууга милдеттүү. Талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясый партиялар- дын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо комиссиясына тийиштүү буйруктардын (тескеменин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн катталган күндөн тартып 5 ка- лендардык күндөн кечиктирбей берет. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы каттоо учурунда талапкерди, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн талапкерде жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар бар экендиги жөнүндө эскер- түүгө милдеттүү.

4. Шайлоо өткөрүү учурунда катталган талапкер администрациянын (иш

берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызматтан) бошотулушу же анын ма- кулдугу болмоюнча башка ишке (кызматка) которулушу мүмкүн эмес. Каттоодон өткөн талапкердин шайлоого катышкан убактысы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына ко- шулат.

5. Катталган талапкер шайлоонун жыйынтыгын шайлоо комиссиясы жал-

пыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялаган күнгө чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугу болмоюнча, кылмыш жоопкерчилигине тарты- лышы, камакка алынышы же сот тартибинде көрүлүүчү административдик жаза чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эмес, буга кылмыш жасап жаткан жер- де кармалган учурлар кирбейт. Кылмыш ишинин козголушу талапкердин өзү- нүн шайлануу укугун ишке ашыруусуна тыюу салуу үчүн негиз болуп санал- байт.

6. Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын

жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялаган, ал эми мөөнө- түнөн мурда чыгып калганда - чыгып калган учурдан баштап талапкердин статусу менен байланышкан укуктарын жоготот жана милдеттеринен бошоту- лат.

7. Талапкер, саясый партия ушул Кодексте белгиленген тартипте ке-

њеш берүү добуш укугу бар шайлоо комиссиясынын мүчөсүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, байкоочуларды дайындоого укуктуу. Ушул Кодексте каралган учурларда, талапкер, саясый партия өз өкүлдөрүнүн ушул Кодекстин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликте болот. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы №284 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ №19 декретинин редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-29)
