# 20-берене. Шайлоо округдарын түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 20-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-20

---

1. Шайлоону өткөрүү үчүн аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген тийиштүү аймакта кат- талган шайлоочулардын саны жөнүндөгү маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округу жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

2. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш:

- шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен жол берилген

оош-кыйыштар 10 пайыздан ашпаган, ал эми барууга кыйын жана алыскы жер- лерде 15 пайыздан ашпаган шартта шайлоочуларынын саны боюнча шайлоо ок- ругдарынын болжол менен бирдей болушу;

- шайлоо округу бирдиктүү аймак болуп эсептелет, өз ара чектеш

эмес аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт. Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чегаралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу пункттардын тизмеси (көчөлөр, үй- лөр), ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шай- лоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш. Аталган талаптарды сактоодо республиканын администрациялык-аймак- тык бөлүнүшү эске алынат.

3. Президентти, Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз

Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна бекитилген деп эсептелет.

4. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча жергиликтүү кењештердин

депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу ме- нен жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген жоболорду эске алуу менен шайлоону дайындоо күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечик- тирбестен шайлоо округдарынын схемасын иштеп чыгат жана бекитет. Тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары шайлоо округдарынын чектерин жана шайлоо комиссияларынын даректерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын шайлоо округдарын бекитүү күнүнө чейин 7 календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жары- ялайт.

5. Ушул берененин 2-пунктунун талаптары бузулган учурда шайлоо ок-

ругдарынын схемасындагы өзгөртүүлөр, алардын чегараларын жана шайлоо комиссиялары жайгашкан жерлерди аныктоо Борбордук шайлоо комиссиясы же тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан иш- ке ашырылат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-21)
