# 2-берене. Жарандардын шайлоого катышуу принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 2-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-2

---

1. Кыргыз Республикасында шайлоолор жалпыга тењ жана тике шайлоо

укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында шайлоолор республиканын жарандары өз шайлоо укугун эркин жана ыктыярдуу ишке ашырышына негизделет. Жарандын шайлоо- го катышуусуна же катышпасына, ошондой эле өз эркин ыктыярдуу билдири- шине мажбурлоого эч кимдин укугу жок.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыр-

гыз Республикасынын жарандары ушул Кодекске ылайык шайлоо укуктарына ээ. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелери Кыр- гыз Республикасынын жарандарына ушул Кодексте белгиленген шайлоо укук- тарын ишке ашырышына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасында шайлоону өткөрүү учурунда, эркектер ме-

нен катар аялдарга мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга укукту турмушка ашырууга тењдеш мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-3)
