# 19-берене. Шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 19-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-19

---

1. Шайлоо комиссияларынын иши коллегиялуу негизде жүргүзүлөт.

2. Шайлоо комиссиясы, эгерде анын курамы белгиленген курамдын ке-

минде үчтөн экисине түзүлсө, ишке киришүүгө укуктуу.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу маселелери Консти-

туция, ушул Кодекс, Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө Мыйзам, Борбор- дук шайлоо комиссиясынын Регламенти менен аныкталат.

4. Шайлоо комиссиясынын жыйналышы төрага тарабынан, ошондой эле

шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын жыйналыштары эки жумада кеминде бир жолу өткөрүлөт.

5. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоо

комиссиясынын бардык жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

6. Шайлоо комиссиясынын жыйналышы шайлоо комиссиясынын чечүүчү до-

буш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгү катышса ишин баштоого укуктуу. Шайлоо комиссиясы анын чечүүчү добуш укугу бар ар кандай мүчөсүнүн талабы боюнча өзүнүн компетенциясына кирген жана беки- тилген күн тартибине ылайык комиссия жыйналышта карап жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүүгө милдеттүү.

7. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кы-

луу маселелери боюнча, талапкерлерди каттоо жөнүндө, добуш берүүнүн жы- йынтыктары же шайлоонун натыйжалары жөнүндө, шайлоону болбой калды же жараксыз деп таануу, кайра добуш берүүнү, кайталап добуш берүүнү же кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө, шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдери шайлоо комиссиясынын жыйналышында шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат. Башка маселелер боюнча шайлоо комиссиясынын чечимдери шайлоо ко- миссиясынын жыйналышында шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8. Шайлоо комиссиясынын жыйналышка катышып олтурган мүчөлөрүнүн эч

кимиси добуш бербей коюуга укуксуз.

9. Шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы

жана катчысы кол коет.

10. Шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге макул болбогон шайлоо

комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал жыйналыштын протоколунда көрсөтүлүүгө, ага тиркелүүгө жана комиссиянын төрагасы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясына (шайлоонун тийиштүү дењгээлине ылайык) эки күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү жана добуш берүүдөн кийинки күнү дароо эле билдирилүүгө тийиш.

11. Шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байла-

нышкан иштерди аткарууга эмгек келишими боюнча штаттан тышкаркы кызмат- керлерди тарта алат.

12. Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону даярдоо

жана өткөрүү мезгилинде ушул Кодекстин 30-беренесинин 16-пунктунун ара- кетине туура келген телерадиоуюмдар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын өз каналдарынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү, шайлоочуларга зарыл шайлоо аракеттерин жүргүзүүнүн мөөнөтү жана тартиби, шайлоо кампаниясынын жүрүшү жөнүндө маалымдоо үчүн, ошондой эле шайлоочулардын суроолоруна жооп берүү үчүн кеминде 15 мүнөттүк акысыз эфирдик убакыт берет.

13. Жумасына кеминде бир жолу чыккан, ушул Кодекстин 30-беренеси-

нин 16-пунктунун аракетине туура келген мезгилдүү басылмалардын редак- циялары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү, шайлоочуларга зарыл шайлоо аракеттерин жасоонун мөөнөттөрү жана тартиби, шайлоо кампаниясынын жүрүшү жөнүндө түшүндүрүү үчүн, ошондой эле шайлоочулардын суроолоруна жооп берүү үчүн ар жумалык басма аянтынын кеминде жүздөн бир бөлүгүн акысыз берет. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

III глава Шайлоо округдары жана шайлоо участкалары

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-20)
