# 17-берене. Шайлоо комиссияларынын ишиндеги маалымдуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 17-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-17

---

1. Шайлоо комиссияларынын иши маалымдуу жана ачык жүргүзүлөт.

2. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына жогору турган шай-

лоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, та- лапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын өкүлдөрү, же көрсө- түлгөн тизмедеги талапкерлер, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу

3. Тиешелүү шайлоо комиссиясы түздөн-түз жогору турган шайлоо ко-

миссиясына, таламдаш тараптарга шайлоо комиссиясынын жыйналышын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө маалымдоого жана ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына эркин кирүү- сүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо

комиссияларынын чечимдери ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарында белгиленген мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя- ланат.

5. Добуш берүү күнү участкалык шайлоо комиссиясы иштей баштаган

учурдан тартып, жогору турган шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынты- гы жөнүндө протоколду кабыл алгандыгы тууралу маалымат түшкөнгө чейин, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын шайлоо участкаларында кайталап эсептөөгө ушул берененин экинчи пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ошондой эле байкоочулар, эл аралык байкоочулар катышууга укуктуу. Мында шайлоо участкасында бир эле учурда ар бир талапкерден, сая- сый партиядан, коммерциялык эмес уюмдан бирден ашпаган өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбосо ыйгарым укуктуу өкүл) катышууга укуктуу. Өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбосо ыйгарым укуктуу өкүл) башка өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбосо ыйгарым укуктуу өкүл) менен алмаш- тырылышы мүмкүн. Кайталап добуш берүү жүргүзүлгөн учурда шайлоо участ- касында бир эле учурда ар бир талапкерден, саясый партиядан, коммерция- лык эмес уюмдан экиден ашпаган өкүл (байкоочу, ишенимдүү адам же болбо- со ыйгарым укуктуу өкүл) катышууга укуктуу. Шайлоо участкасында, өздө- рүнүн активдүү шайлоо укугун ишке ашырып жаткан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле ушул Кодексте каралган учурларды кошпо- гондо, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусуна жол берил- бейт.

6. Ушул берененин экинчи пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ошондой

эле байкоочулар, эл аралык байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө, шайлоонун натыйжаларын чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө тийиштүү протокол түзүү учурунда, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөө учурунда шайлоо комиссияларынын жыйналышта- рына, анын ичинде добуш берүү күнүндө катышууга укуктуу.

7. Участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүү жана шайлоочулар-

дын добуштарын эсептөө учурунда катышкан шайлоо комиссияларынын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражат- тарынын өкүлдөрү - өзүнүн статусун белгилөө жана өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн, шайлоо комиссияларынын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн дайындаган, шайлоо комиссиясына байкоочуну жиберген талапкердин фамили- ясын, аты-жөнүн же саясый партиянын аталышын көрсөтүү менен, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өздөрү өкүлчүлүк кылган уюм- дун аталышын көрсөтүү менен шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камты- баган төш белгилерин тагынууга укуктуу.

8. Бул Кодексте ушул берененин бешинчи пунктунда көрсөтүлгөн адам-

дарга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун, шайлоо комис- сиясынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка доку- менттеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүү каралган учурда, көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүүнү шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы жүргүзөт. Мында күбөлөндүрүлүп жаткан көчүрмөдө "Анык" же "Көчүрмөсү анык" деп жазылып, кол коюлат, фамилиялары жана инициалдары, көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү датасы жана убактысы көрсөтүлөт жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын мөөрү басылат.

9. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүнү өткөрүү-

дө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыкта- ры жөнүндө протокол түзүүдө катышкан байкоочулардын, эларалык байкоочу- лардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, талапкердин, сая- сый партиялардын өкүлдөрүнүн эсебин жүргүзөт. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-18)
