# 16-берене. Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 16-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, жерги-

ликтүү кењештердин депутаттары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, талапкерлер, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, баш- ка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлерге түздөнтүз баш ийүүдө турган адамдар, укук коргоо органда- рынын кызматкерлери, аскер кызматчылары, ошондой эле соттуулугу мыйзам- дарда белгиленген тартипте алып салына элек же жоюлбаган адамдар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло алышпайт. Түздөнтүз баш ийүү деп, ушул Кодексте жетекчи менен ага баш ийген адамдын ортосундагы кызматтык мамилелер эсептелет, бул учурда биринчиси кийинкисине карата ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу, ошондой эле өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде ал милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды, тескемелерди жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, сыйлоо жа- на тартиптик жаза колдонуу чараларын көрүүгө укуктуу.

2. Бир шайлоо комиссиясынын курамына жакын туугандар шайланышы

мүмкүн эмес.

3. Шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы, чечүүчү добуш укугу бар

мүчөлөрү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аны түзгөн жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен төмөнкү учурларда бошотулат:

- өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;

- Кыргыз Республикасынан тышкары жакка туруктуу жашоо ордуна көчүп

кеткенде;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же аны жоготкондо;

- аларга карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- иш-аракетке жөндөмсүз, иш-аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, кай-

тыш болгон же аны дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- кайтыш болгондо;

- ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгон-

до;

- шайлоо комиссиясынын мүчөсүн бекиткен жогору турган шайлоо ко-

миссиясы чечими менен тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде аны милдеттерин дайыма аткарбайт деп тапканда;

- шайлоо комиссиясы таркатылган учурда.

Төмөн турган шайлоо комиссиясын түзгөн шайлоо комиссиясы жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардан улам чыгып калган шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнүн ордуна жањыларын мурдагылар чыгып калган күндөн баштап үч календардык күндөн кечиктирбестен бекитүүгө (чүчүкулак менен аныктоого) милдеттүү. Мындай учурда жогору турган шайлоо комисси- ясы мурда сунуш кылынган жана комиссиянын жыйналышында каралган талап- керликти комиссиянын мүчөсү кылып бекитүүгө укуктуу. Саясый партия та- рабынан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын мүчөсү чыгып калган учурда, анын орду, эгерде ошол эле саясый партиянын резервинде башка мүчө бар болсо, ал ээлейт. Андай болбогон учурда анын ордун башка партиянын ре- зервде турган өкүлү ээлейт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы чыгып калган учурда жањы төрага же катчы тиешелүү шайлоо комис- сиясынын жыйналышында комиссиянын өзүнүн курамы тарабынан шайланат.

4. Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде негизги ишинен

бошотулган шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негиз- ги иштеген жери боюнча (менчиктин түрүнө карабастан) орточо эмгек акы- сын сактап калат. Шайлоо комиссияларынын көрсөтүлгөн мүчөлөрүнө ошондой эле шайлоо өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарында белгилеген тартипте сыйлык акы төлөнүшү мүмкүн. Облустук, Бишкек жана Ош шаардык, райондук, шаардык, участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоо өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулган төрагаларына жана катчыла- рына төмөнкүдөй сый акы төлөнөт:

- облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрага-

ларына жана катчыларына - мыйзамда аныкталган эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө;

- райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жана кат-

чыларына - мыйзамда аныкталган эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө;

- участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына - шай-

лоо участкасындагы шайлоочулардын санына жараша шайлоо дайындалган күнгө карата эсептик көрсөткүчтүн төмөндөгүдөй өлчөмүндө:

1) 500 шайлоочуга чейин - он эсе өлчөмүндө;

2) 500дөн 1000 шайлоочуга чейин - он беш эсе өлчөмүндө;

3) 1000ден 2000 шайлоочуга чейин - жыйырма эсе өлчөмүндө;

4) 2000ден 2500 шайлоочуга чейин - жыйырма беш эсе өлчөмүндө.

5. Шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө узак-

тыгы бир иш жумасы болгон сыйлык акы төлөнүүчү өргүү берилет.

6. Кылмыш жасап жаткан жерде кармалган учурларды кошпогондо, Шай-

лоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоо өткөрүү мез- гилинде жогору турган шайлоо комиссиясынын макулдугу болмоюнча, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы жана камакка алынышы, сот тарти- бинде колдонулуучу администрациялык жаза чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эмес.

7. Кылмыш жасап жаткан жерде кармалган учурларды кошпогондо, Бор-

бордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана анын мүчөлөрү шайлоону даяр- доо жана аларды өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президенти- нин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу болмоюнча (тү- зүү тартиби боюнча) кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы же ка- макка алынышы мүмкүн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жана анын мүчөлөрүнө карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.

8. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү тийиштүү

шайлоо өткөрүү мезгилинде жана шайлоо аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же өздөрүнүн макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес.

9. Тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишин алардын төрагалары уюшту-

рат. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү:

- тийиштүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштары жөнүндө күн мурунтан

кабарландырылат;

- шайлоо комиссиясынын жыйналышында сөз сүйлөөгө, тийиштүү шайлоо

комиссиясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуш киргизүүгө, ал маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу;

- шайлоо комиссиясынын жыйналышынын башка катышуучуларына күн тар-

тибине ылайык суроо берүүгө жана ага тийиштүү жооп алууга укуктуу;

- тийиштүү жана төмөн турган шайлоо комиссиясынын ар кандай доку-

менттери жана материалдары менен таанышууга, ал документтер менен мате- риалдардын көчүрмөлөрүн (буга шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюлле- тендери кирбейт) алууга, ал көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүүнү талап кылууга укуктуу;

- шайлоо комиссиясынын аракетине (аракетсиздигине) жогору турган

тийиштүү шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга укуктуу;

- көрсөтүлгөн документ шайлоочунун инсандыгына ылайык келе турган-

дыгын же жоктугун жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө укук- туу.

10. Шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү ошол

шайлоо комиссиясы өткөрүүгө катышып жаткан бардык шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, ушул берене менен белгиленген укуктарга ээ.

11. Ушул берененин 9-пунктуна ылайык шайлоо комиссиясынын кењеш

берүү добуш укугу бар мүчөсү шайлоолорго даярдык көрүү жана аларды өт- көрүү маселеси боюнча шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мү- чөсү менен бирдей укукка ээ, ал төмөнкүлөргө укуксуз:

- шайлоо бюллетендерин, тизмеден чыгуу күбөлүктөрүн берүүгө жана

аларга кол коюуга;

- шайлоо бюллетендерин сорттоого, жокко чыгарууга жана шайлоочу-

лардын добуштарын эсептөөгө катышууга;

- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары

жөнүндө протокол түзүүгө;

- комиссиянын жыйналышында добуш берүүгө катышууга жана шайлоо ко-

миссиясынын чечимине кол коюуга. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-17)
