# 14-берене. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары жана алардын

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 14-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-14

---

ыйгарым укуктары

1. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кењештердин

депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиялары катарында иш- тейт.

2. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары:

1) тиешелүү аймакта шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө контролдук

кылат;

2) участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номер-

лери жөнүндө калкка маалымдайт;

3) тиешелүү аймакта участкалык шайлоо комиссияларынын ишин коорди-

нациялайт, участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракетине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча че- чимдерди кабыл алат;

4) шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын

тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт;

5) бардык талапкерлер үчүн шайлоо алдындагы иштин тењдеш укуктук

шарттарын сактоону камсыз кылат;

6) шайлоо бюллетендерин жана башка документтерди шайлоо комиссия-

ларына жеткирүүнү уюштурат;

7) шайлоо участкаларында добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоо

комиссияларына уюштуруу-техникалык жардам көрсөтөт;

8) тиешелүү аймакта шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын

белгилейт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду облустук, Бишкек шаардык шайлоо комиссияларына берет;

9) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди

архивге же жогору турган шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кы- лат;

10) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамда-

рына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-15)
