# 13-берене. Округдук шайлоо комиссиялары жана алардын ыйгарым

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Декрет ВП КР от 21 апреля 2010 года № 19 "О Временной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202777)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.04.2010 [Декрет ВП КР от 21 апреля 2010 года № 19 "О Временной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202777); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401737..401739>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 13-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-13

---

укуктары

Округдук шайлоо комиссиясы:

1) тиешелүү аймакта ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын шайлоо-

лор жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына контролдук жүргүзөт жана алар- дын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;

2) (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 19

декретине ылайык күчүн жоготту)

3) участкалык шайлоо комиссияларынын ишине багыт берет, шайлоо

өткөрүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын алардын арасында бөлүштүрөт, бул каражаттар максаттуу пайдаланылышына контролдукту кам- сыз кылат;

4) тиешелүү аймакта шайлоо өткөрүүнү уюштурат;

5) шайлоо участкаларында добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоо

комиссияларына укуктук, усулдук, уюштуруу-техникалык жардам көрсөтөт;

6) участкалык шайлоо комиссияларын имарат-жайлар, транспорт, бай-

ланыш менен камсыз кылууну контролдойт, шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;

7) участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номер-

лери жөнүндө калкка маалымдайт;

8) шайлоочулардын тизмелерин жалпыга тааныштыруу үчүн сунуш кылуу-

га көзөмөл жүргүзөт;

9) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракетине

(аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча че- чимдерди кабыл алат;

10) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер бо-

юнча шайлоо комиссияларынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын же- текчилеринин билдирүүлөрүн угат;

11) шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин текстин бекитет, Бор-

бордук шайлоо комиссиясы белгилеген формага ылайык даярдоону, шайлоо бюллетендерин жана башка документтерди участкалык шайлоо комиссияларына жеткирүүнү камсыз кылат;

12) жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди, алардын

ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын, шайлоо комиссияларынын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн каттайт, аларга белгиленген үлгү- дөгү күбөлүктөрдү берет;

13) талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурат;

14) бардык талапкерлер үчүн шайлоо алдында иш жүргүзүүнүн укуктук

бирдей шарттарынын сакталышын камсыз кылат;

15) тиешелүү округу боюнча жергиликтүү кењештердин депутаттарын

шайлоонун натыйжаларын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирет жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду тиешелүү об- лустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларына берет;

16) кайра добуш берүүнү, кайталап добуш берүүнү жана кайталап шай-

лоону өткөрүүнү уюштурат;

17) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте добуш берүү-

нүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таба алат;

18) жергиликтүү кењештердин шайланган депутаттарын каттайт;

19) шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүн-

гөн акча каражаттарын тескейт, ал каражаттардын бир бөлүгүн участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт, шайлоо округунун аймагында ал каражаттардын максатка ылайык пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;

20) ушул Кодекстин 45-беренесинин 10-пунктунда белгиленген тартип-

те айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табышы мүмкүн;

21) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди

архивге же жогору турган шайлоо комиссиясына берүүнү камсыз кылат;

22) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзам-

дарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 19 декретинин редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12-1)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-14)
