# 12-берене. Шайлоо комиссияларын таратуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 12-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12

---

1. Туруктуу иштеген шайлоо комиссияларын кошпогондо, шайлоо комис-

сиялары Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан төмөнкүдөй учур- ларда таратылышы мүмкүн:

а) шайлоо комиссиялары жарандардын шайлоо укуктарын бузганда, ал

жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табышына алып кел- генде;

б) ушул Кодекстин талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жого-

ру турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин, Борбордук шайлоо комиссиясы- нын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;

в) эгерде шайлоо комиссияларынын курамын түзүү учурунда ушул Ко-

декстин 11-беренесинин талаптары бузулса.

2. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз менен тиешелүү жогору

турган шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер же саясый партия кайры- лууга укуктуу. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен же кайталап добуш берүүнү жүргүзүү учурунда - бул участкада добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилегенден кийинки мезгилде, бирок кайталап добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз тез арада кароого кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып 2 календарлык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

3. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда

жогору турган шайлоо комиссиясы жањы курамдагы шайлоо комиссиясын тү- зөт. Жањы курамдагы шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясын таркатуу жө- нүндө чечим күчүнө киргенден кийин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө тийиш.

4. Шайлоо комиссиясын таркатуу тиешелүү шайлоо комиссиясынын кењеш

берүү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулушуна алып келбейт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-11)  
Кийинки берене: [12-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12-1)
