# 12-1-берене. Областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 12-1-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12-1

---

жана алардын ыйгарым укуктары

Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары:

1) облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ушул Кодекстин,

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө бөлөк мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышына контролдукту ишке ашырат жана алардын бир түрдүү колдону- лушун камсыз кылат;

2) төмөн турган шайлоо комиссияларынын иш-аракетине багыт берет,

шайлоону өткөрүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын алардын арасында бөлүштүрөт, бул каражаттардын максаттуу пайдаланышына контрол- дукту жүзөгө ашырат;

3) тиешелүү аймакта шайлоо өткөрүүнү уюштурат;

4) бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрүн катыштыруу жана

ушул Кодекстин Өзгөчөлүү бөлүгүндө аныкталган жоболорду эске алуу ме- нен, жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округда- рынын схемасын иштеп чыгат жана бекитет, шайлоо округдарынын чегин жана шайлоо комиссияларынын жайгашкан ордун көрсөтүү менен, шайлоо округда- рынын тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;

5) райондук, шаардык (округдук) шайлоо комиссияларын түзөт;

6) жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү

боюнча чогулуштарга катышууга укуктуу;

7) төмөн турган шайлоо комиссияларынын иш-аракети үчүн зарыл бол-

гон материалдык-техникалык шарттарды түзүүнү контролдойт;

8) тиешелүү аймактарда шайлоо өткөрүү үчүн пайдаланылуучу атайын

фонддорду түзөт;

9) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган формага ыла-

йык, жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюлле- тендерин даярдоону камсыз кылат жана алар менен тиешелүү шайлоо комис- сияларын жабдыйт;

10) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер бо-

юнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринин билдирүүлөрүн угат;

11) жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бел-

гилейт жана натыйжасын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарын- да белгиленген мөөнөттө жарыялайт;

12) жергиликтүү кењештерге шайланган депутаттарга Борбордук шайлоо

комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү шайлангандыгы тууралу күбөлүк берет;

13) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди

архивге же жогору турган шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кы- лат;

14) жергиликтүү кењештердин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү

менен байланышкан маселелерди карайт;

15) төмөн турган шайлоо комиссияларынын чечимине жана аракетине

карата арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча чечим чыгарат;

16) жергиликтүү кењештердин депутаттары өз ыйгарым укуктарын жер-

гиликтүү кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткаруу менен сыйышпа- ган ыйгарым укуктар менен айкалыштырган учурда, ошондой эле Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же жоюу жөнүндө токтом кабыл алат. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары мындай токтомду кабыл алууга чейин 48 саат мурда тиешелүү адамга анын ээлеп турган кыз- мат орундарынын сыйышпастыгы тууралу жана анын ээлеп турган кызмат орундарынын бирөөсүнөн кетүүсү жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына маалымдоого милдеттүүлүгү тууралу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү;

17) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамда-

рына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-13)
