# 11-берене. Шайлоо комиссияларынын статусу жана аларды түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 11-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-11

---

тартиби

1. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары Борбордук шай-

лоо комиссиясы тарабынан чечүүчү добуш укугу бар 11 мүчөнүн курамында түзүлөт. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамы жа- на дареги алар түзүлгөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбес- тен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражатта- рына жарыяланат. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары ыйга- рым укуктарынын мөөнөтү беш жыл. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары комиссиялардын жањы курамы түзүлгөн учурдан тартып токтотулат. Областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары кызмат адамдары болуп эсептелет жана Борбордук шайлоо комиссиясы тара- бынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Облусттук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт.

2. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары шайлоо дайындалгандан ки-

йин 10 календардык күндөн кечиктирбестен облустук, Бишкек шаардык шай- лоо комиссиялары тарабынан төраганын, катчынын жана кеминде 5 мүчөнүн курамында түзүлөт. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги алар түзүлгөндөн кийин 3 календарлык күндөн кечиктирилбестен об- лустук, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт. Округдук шайлоо комиссияларынын милдетин аткарган райондук, шаар- дык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын шайлоонун жыйынтык- тары расмий жарыялангандан кийин 10 календарлык күндүн өтүшү менен ток- тотот.

3. Участкалык шайлоо комиссиялары жогору турган шайлоо комиссияла-

ры тарабынан шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар кеминде 7 мүчөсүнүн курамында түзүлөт. Участка- лык шайлоо комиссияларынын сандык курамы аларды түзгөн тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги алар түзүл- гөндөн кийин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комис- сиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жөнөтүлөт, булар аларды өзүнүн жакынкы чыгарылышында жарыялайт. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери шайлоо ко- миссияларынын төрагалары жана катчылары болуп шайлана албайт. Участкалык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде өздөрүнүн негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулат.

4. Округдук, райондук, шаардык жана участкалык шайлоо комиссиялары

өздөрүнүн курамынын ичинен төраганы жана катчыны шайлашат. Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын шайлоо комиссиясынын че- чүүчү добуш укугу бар, курагы боюнча улуу мүчөсү ачат жана өткөрөт.

5. Шайлоо комиссияларын саясый партиялардын, шайлоочулардын чогу-

луштарынын сунушу боюнча жогору турган шайлоо комиссиялары түзөт. Жогору турган шайлоо комиссиясы сунуш кылынган талапкерлердин ичи- нен комиссиянын мүчөлөрүн бекитет. Эгерде саясый партиялардан, шайлоо- чулардын чогулуштарынан өкүлдөрдүн саны комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынан көп болуп чыкса, маселе Бор- бордук шайлоо комиссиясы белгилеген чүчүкулак кармоо менен чечилет. Шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан, шайлоочу- лардын чогулушунан бирден ашык өкүл, ошондой эле бир эле уюмдан (меке- меден, ишканадан) бирден ашык өкүл болушу мүмкүн эмес. Саясый партия- лардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын түзө албайт. Эгерде саясый партиялардан өкүлдөрдүн саны белгиленген сандан көп болуп чыкса, маселе чүчүкулак кармоо менен чечи- лет. Эгерде саясый партиялар шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө ушул Ко- дексте белгиленген сандагы талапкерлерди көрсөтпөсө, алардын орду шай- лоочулардын чогулуштары көрсөткөн шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө та- лапкерлер менен толтурулат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин кызматчылары шайлоо комиссиясы- нын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын түзө албайт. Көрсөтүлгөн жоболор ооруканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө жана шайлоочулар убактылуу жүргөн башка жерлерде, жетүүгө кыйын болгон жана алыскы райондордо, тергөө изоляторлорунда жа- на убактылуу кармоо изоляторлорунда, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн аймактарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссияла- рын түзүү учурунда колдонулбашы мүмкүн. Тандалган талапкерлер тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет. Чүчүкулак кармоонун жыйынтыгы боюнча шайланбаган жана (же) шайлоо комиссиясынын курамына киргизилбеген талапкерлер шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар айрым мүчөлөрү чыгып калган учурда аларды шай- лоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн резервди түзөт. Резерв жок болгон учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын ку- рамына жањы талапкерлерди киргизүүгө укуктуу, ал эми шайлоо комиссиясы таркатылган учурда шайлоо комиссиясын саясый партиялардан жана шайлоо- чулардын чогулуштарынан кайрадан сунуш кылынган талапкерлердин ичинен түзөт.

6. Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер талапкерлердин

тизмеси катталгандан кийин, катталган талапкер же талапкерлердин тизме- син көрсөткөн саясый партия талапкерди же талапкерлердин тизмесин кат- таган шайлоо комиссиясына, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияла- рына кењеш берүү добуш укугу менен комиссиянын бирден мүчөсүн дайындоо- го укуктуу. Катталган талапкер же саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тийиштүү шайлоо комиссиясына расмий документтерди жиберүүгө ти- йиш, анын төрагасы дайындалган адамдарды кењеш берүү добуш укугу бар комиссия мүчөлөрүнүн тизмесине киргизет жана аларга күбөлүк берет. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары- нын кызмат адамдары, аскер бөлүктөрүндө, аскер уюмдарында, мекемелерин- де командалык кызмат ордун ээлеген адамдар, судьялар, прокурорлор, ошондой эле соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жокко чыгарылбаган адамдар комиссиянын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөсү болуп дайындалбайт. Кењеш берүү добуш укугу бар комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары комиссиянын бул мүчөсүн дайындаган талапкердин, саясый партиянын чечими менен токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-12)
