# 10-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/7)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майы № 39 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө" Мызмамы
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.05.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203244)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/7#diff=401734..401735>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-4/edition/401703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө, 10-берене (02.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-10

---

1. Борбордук шайлоо комиссиясы:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын шайлоо укуктарынын

сакталышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышына контрол- дук кылат, алардын бирдей колдонулушун камсыз кылат;

2) шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат, шайлоо комиссияла-

рынын ишине жетекчилик кылат;

3) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде ушул Кодекске, Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарына каршы келбеген токтомдорду, нускоолорду, жобо- лорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышына контролдук кы- лат;

4) төмөн турган шайлоо комиссияларына укуктук, усулдук, уюшту-

руу-техникалык жактан жардам берет;

5) Президентти шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиясы катары иш-

тейт;

6) Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо ко-

миссиясы катары иштейт;

7) облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзөт жана

алардын курамдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;

8) шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү, шайлоо комиссияларынын ишин

жана алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну, алар имарат жайларды, транспортту, байланышты пайдалангандыгы үчүн акыны, башка чыгымдарды финансылык жактан камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын бөлүштүрөт, шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;

9) атайын фонд түзөт жана түшкөн каражаттарды шайлоо өткөрүүгө,

шайлоо системасын өнүктүрүүгө, шайлоо комиссияларынын иш аракеттерин камсыз кылууга пайдаланат;

10) шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик кара-

жаттардын жана талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун, атайын фонддордун каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартибин аныктайт, бул каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контрол- дук кылат;

11) шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бө-

лүнгөн каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндөгү каржы отчеттору- нун, талапкерлердин, саясый партиялардын, атайын фонддун каржылык от- четторунун формаларын белгилейт;

12) Президентти жана Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча

шайлоо бюллетендеринин формаларын, аларды даярдоо тартибин белгилейт жана текстин бекитет; жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоо боюн- ча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана даярдоо тартибин белгилейт;

13) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарынын протоколдорунун, талап-

керлерди колдогон кол коюлуучу барактардын, башка шайлоо документтери- нин формаларын; тунук материалдардан жасалууга тийиш болгон добуш берүү үчүн ящиктердин үлгүлөрүн; добуш берүү үчүн кабинанын формасын; шайлоо документтерин сактоо мөөнөтүн жана тартибин белгилейт; шайлоо комиссия- ларынын мөөрлөрүнүн үлгүлөрүн бекитет, аларды даярдоону камсыз кылат. Ар кандай дењгээлдеги шайлоо комиссияларынын мөөрлөрү жазуусунун мазму- ну жана цифралык номери боюнча бири-биринен айырмаланат. Мында участка- лык шайлоо комиссиясынын мөөрүнүн номери тийиштүү шайлоо участкасынын номерине туура келет;

14) Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шай-

лоо бюллетендерин, башка шайлоо документтерин даярдоону камсыз кылат;

15) министрликтердин жана мамлекеттик бийликтин бөлөк органдары-

нын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча билдирүүлөрүн угат;

16) шайлоого байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, чет өлкөлүк

жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуу тартибин белгилейт, аларды тийиштүү документтер менен камсыз кылат;

17) талапкерлерге, саясый партияларга телерадиоуюмдарынын каналда-

рында эфир убактысын, мезгилдүү басмасөз беттеринде басма аянтчаларын берүү тартиби жөнүндө нускоолорду же башка ченемдик актыларды чыгарат;

18) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары, шайлоо комиссиялары менен бирдикте шайлоочуларды кат- тоонун (эсепке алуунун) мамлекеттик тутумун уюштурат;

19) Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттайт;

20) Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча саясый партиялар-

дын талапкерлеринин тизмесин каттайт;

21) Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу

өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттайт;

22) Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча саясый партиялар-

дын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттайт;

23) Президенттин кызмат ордуна катталган талапкерлерге, алардын

ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

24) Жогорку Кењештин депутаттыгына талапкерлерге, саясый партия-

лардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

25) шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга маа-

лымдайт;

26) төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде

Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды шайлоонун конс- титуциялуулугу жөнүндө корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Кон- ституциялык Сотуна жиберет, ошондой эле аларды жалпыга маалымдоо кара- жаттарында жарыялайт;

27) шайланган Президентти каттайт жана Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн, төш белгисин жана Штандартын (Желегин) тапшырат;

28) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Жогорку Ке-

њештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт;

29) Жогорку Кењештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга

белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү, төш белгини тапшырат;

30) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте добуш берүү-

нүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таба алат;

31) кайра добуш берүүнү, кайталап добуш берүүнү дайындайт жана

шайлоо округунда аларды өткөрүүнү округдук шайлоо комиссиясына тапшы- рат, мында чечимде ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте шайлоону жањы курамдагы участкалык шайлоо комиссиялары өткөрүшүнүн за- рылчылыгын көрсөтө алат;

32) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте кайталап

шайлоо өткөрүүнү дайындайт жана уюштурат;

33) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине арызда-

нууларды жана даттанууларды карайт, алар боюнча чечим чыгарат;

34) шайлоону даярдоо жана өткөрүү, Кыргыз Республикасында шайлоо

тутумун өнүктүрүү, шайлоочуларды укуктук жактан окутуу, шайлоо комисси- яларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын кесип- тик жактан даярдоо менен байланышкан максаттуу программаларды ишке ашы- рууну камсыз кылат.

35) шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди

сактоо жана архивге өткөрүү мөөнөттөрүн, тартибин белгилейт.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул Кодекске жана Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/7/st-11)
