# КР Прензидентинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Прензидентинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/69441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9024/edition/858567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/69441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Прензидентинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/69441

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 3-ноябры ПЖ № 243 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин ишин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "Администрация" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Аппарат" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункттагы "10" деген цифралар "12" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "Администрация" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Аппарат" деген сөз менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "Администрация" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Аппарат" деген сөз менен алмаштырылсын; "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 4-пунктундагы "Мамлекеттик катчынын жана" деген сөздөр алып салынсын; "Архивди башкаруу" деген VI бөлүмдүн 3-пунктундагы "канцеляриясынын начальниги менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Аппаратынын канцеляриясынын башчысы менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
